12R Fest: экология жашоо стилине айланганда
29&Բ;апреля&Բ;2025
Өткөн ишембиде БААУда жазгы 12R Fest экофестивалы өткөрүлдү. Фестивалдын уюштуруучусу – БААУнун жарандык активдүүлүк борбору. Борбор аталган иш-чараны Жашыл БААУ программасынын алкагында Green 鶹ý студенттик ыктыярчылык клубунун колдоосу менен уюштурган.
Фестивалдын программасы каныккан жана ар тараптуу болду. Кампустун биринчи кабатында форумда Кыргызстандын хэнд-мейд чеберлери менен экоөндүрүүчүлөрүнүн жарманкеси жайгашты.
Мында дармаркага катышуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бир аптанын аралыгында БААУнун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери кереги тийбей калган буюмдарын алып келишкен. Аларды башка буюмдарга алмашуу мүмкүн эле. Бул керемет акция буюмдарга жаңы жашоо тартуулайт. Ошону менен бирге акыл-эстүү керектөө принциптерин жайылтуу менен экологиялык кырдаалды жакшыртууга жардам берет. Чогулган каражаттардын баары кайрымдуулук максаттарда жумшалат.
Конференц-залда “Ылга 1.0” экоквестинин экинчи баскычынын жыйынтыгы чыгарылды. Экоквесттин кантип башталгандыгы жана биринчи баскычтын жыйынтыктары тууралуу бул жерден билип алууга болот.
Биринчи баскычтын жыйынтыгында төрт команда жеңүүчү деп табылган жана дагы төрт команда көңүл жубатуучу байгелерге арзыган. Экинчи баскычтын учурунда алынган гранттардын негизинде мектеп окуучуларында өз идеяларын ишке ашыруу, демилгелерди өнүктүрүү жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Ар бир команда алынган каражаттарды керектөөлөрүнө жараша өз алдынча пайдаланды. Дал ушундай иш-аракеттер ар бир мектепте жана ЖОЖдо экологиялык кырдаалды жакшыртууга жардам берет.
Белгилей кетчү нерсе, дээрлик бардык командалардын экоквестке катышуусу окуу жайлардын администрациясы менен жергиликтүү бийликтердин экологиялык көйгөйлөргө карата мамилесин өзгөрттү.
Бардык командалар өз иштеринин жыйынтыктарын тартуулоого чыгармачылык менен мамиле жасап, экологиялык темаларда кыска тасмаларды тартышты. Ал эми Эл аралык медицина жогорку мектебинин “Арт-клуб таланттар” командасы чакан концерт коюп берди.
Конференция учурунда Нуржамал Ганыева Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан өзүнүн “Ойло” долбоору тууралуу айтып берди. “Ойло” экодолбоору – бул полиэтилен баштыктарды, текстилдик кесиндилерди жана жарнамалык баннерлерди кайра иштетүү боюнча өндүрүш жана экосоциалдык кыймыл. Бет ачардан кийин квиз орун алып, анда катышуучулар кайра иштетилген сырьёдон жасалган стилдүү белектерге ээ болушту.
Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперт, КРда таштандыларды башкаруу боюнча WasteNet.kg түйүнүнүн өкүлү Наталья Байдакова өз бет ачарында Кыргызстандагы калдыктарды кайра иштетүүдөгү негизги көйгөйлөр жөнүндө айтып, кайра иштетүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбага токтолду.
Тыныгуу учурунда форумда фестивалдын коноктору экологиялык кахут оюнуна катышып, белектерди утуп алышты. Ошондой эле ыктыярчылар менен бирге активдүү оюн-зооктор уюштурулду.